Египет пирамидалары
Мисирдеги (Египет) улуу пирамида дүйнөнүн байыркы 7 кереметинин эң улуусу болуп саналат жана ал 7 кереметтин ичинен биздин заманга чейин сакталып калганы жалгыз ушул пирамида. Байыркы Мисир гүлдөп турган кезде пирамида дүйнө жүзүндөгү эң бийик курулма болчу жана бул рекордду толук 4 миң жыл кармап келди. Бул пирамида Хуфу же көбүрөөк Хеопс деп таанылган фараон үчүн табыт катары курулган. Мисир ханынын табыты биздин заманга чейин 2580-жылы даяр болгон. Кийин анын жанына Хеопстун уулу жана небереси үчүн дагы 2 пирамида курулган. Алардан алыс эмес ханышалар үчүн тизилген чаканыраак пирамидалар жайгашкан. Пирамидалар тобу Гиза шаарында Нил дарыясынын жээгинде жайгашкан. Илимпоздордун айтуусунда, курулушта 100 миң кара жумушчу 20 жыл тегерегинде иштеген. Пирамидалардын эң чоңу болгон Хеопстун пирамидасын курууга 2 миллиондон ашык таш керектелген. Ар бир таштын салмагы 2,5 миң тоннага барган. Жумушчулар таштарды биринин үстүнө бирин тизип отуруп, эбегейсиз тепкичтерди кур...













Комментарии
Отправить комментарий