Сообщения

Канткенде капчык калыңдайт?..

Изображение
Дүйнө жүзүн кымбатчылык, каатчылык каптап улам-улам кризис бир кадамга жакындап келе жаткан сайын баарыбызды ойлонткон жана түйшөлткөн нерсе - акча. Акча табуу жакшы жашоого, кыялдарды орундатууга, элден калбоого болгон аракет. Бирок ошол эмгек менен тапкан кирешени кантип туура пайдалануу керектигин, өзгөчө кожойкелерди сарамжалдуулукка үндөгөн психологиялык көндүмдөр сизге арналат. "Акчага кызмат кылбай аны башкаруу керек!"  (Уинстон Черчилль) Сарамжалдоо жолдору: 1.Милдеттүү түрдө киреше жана чыгашаларыңызды так жазып турууга блокнот ачып алыңыз. Бул сизге мурунку жолу максатсыз, ашыкча коротуп алган суммаңызды эскертип турат. 2. Сөзсүз түрдө пландап иш кылыңыз. Мисалы, тие турган айлыгыңыздын суммасын алдын ала жазып, аны ай бою кандай жактарга жумшоо жана алар канча сомго чейин болушу керек экендигин болжолдоп чечип алганыңыз оң. "Качан акча болгондо ошондо ойлоноюн" десеңиз жаңылышасыз. Статистика боюнча лоторея билетинен чоң сумма утуп алгандар...

Египет пирамидалары

Изображение
Мисирдеги (Египет) улуу пирамида дүйнөнүн байыркы 7 кереметинин эң улуусу болуп саналат жана ал 7 кереметтин ичинен биздин заманга чейин сакталып калганы жалгыз ушул пирамида. Байыркы Мисир гүлдөп турган кезде пирамида дүйнө жүзүндөгү эң бийик курулма болчу жана бул рекордду толук 4 миң жыл кармап келди.  Бул пирамида Хуфу же көбүрөөк Хеопс деп таанылган фараон үчүн табыт катары курулган. Мисир ханынын табыты биздин заманга чейин 2580-жылы даяр болгон. Кийин анын жанына Хеопстун уулу жана небереси үчүн дагы 2 пирамида курулган. Алардан алыс эмес ханышалар үчүн тизилген чаканыраак пирамидалар жайгашкан. Пирамидалар тобу Гиза шаарында Нил дарыясынын жээгинде жайгашкан. Илимпоздордун айтуусунда, курулушта 100 миң кара жумушчу 20 жыл тегерегинде иштеген. Пирамидалардын эң чоңу болгон Хеопстун пирамидасын курууга 2 миллиондон ашык таш керектелген. Ар бир таштын салмагы 2,5 миң тоннага барган. Жумушчулар таштарды биринин үстүнө бирин тизип отуруп, эбегейсиз тепкичтерди кур...
Изображение
Учурда тил үйрөнүү, эне тилин билүү менен бирге бир же бир канча чет тилди да билүү маанилүү болуп калды. Антени, күн санап өзгөргөн жашоо- турмуш шарттары, иш табуу мүмкүнчүлүгү, иш ээлеринин же фирманын талаптары ал жерде иштегиси келгендерден адистигинен башка да, компьютерди колдоно алуу менен бирге бир канча тил билүүсүн шарттайт. Бара бара ааламдашуу процессинде башка тилди билбей туруп, ишинде толук ийгиликтүү болуу мүмкүн эместей сезилет. Ошондуктан кайсы бир чет тилди үйрөнөм десеңиз төмөнкү 5 ыкмага көңүл буруңуз Биринчи жак (грам.) Тилачар (разговоник) колдонуу. Мында сиз, биринчи жактын атынан сүйлөп жатып көмүскө (подсознание) акылыңызда сөздөрдүн системасын түзөсүз да, ассациациянын негизинде эске жакшы сактап каласыз. Көңүл буруңуз: Ар бир темага 2, 3 күн убакыт бересиз. 30 сөз Ар күнү алфавит иртети боюнча 30 сөз жаттайсыз. Биринчи күнү жалаң “А” тамгасынан башталган сөздөрдү жаттасаңыз, кийинки күнү “Б” тамгасы менен башталган сөздөр, эми ушинтип олтуруп ...

Ийгиликке жеткен адамдар жасаган 9 адат

Изображение
Адамдын бүгүнкү кыймыл аракети эртеңки келечеги. Ошондуктан сиздин жасап жаткан ар бир ишиңизге көңүл буруп, анализдеп турууңуз маанилүү. Алдыда ийгиликтүү адамдардын сыры менен таанышып, аны адатка айландырып алсак ашыкча болбос. 1. Бай адамдар кыялын эстен чыгарбайт  «Мен кыялымды бир дагы мүнөт унутпайм” Бай адамдар  — 62% Кедей адамдар  — 6% Ийгиликтүү адамдар жөн гана алдыга максат койбойт. Алардын 67% кыялын деталдап кагаз бетине жазып чыгышат. Эгерде адам кыялын жөн гана оюнда сактап жүрсө ал, максат эмес жөн гана кыял бойдон калышы мүмкүн. 2.Алар бүгүн эмне кылаарын ачык айкын билишет: «Менин күнүмдүк иштерим, пландарым, жолугушууларым күндөлүкө жазылат» Бай адамдар  — 81% Кедей адамдар  —19% Ийгиликтүү адамдар жөн гана иш планын түзбөстөн анын 70% иш жүзүнө ашырат. 3.Бай адамдын адамдын үйүндө чоң китепкана болот, кедей адамдын үйүндө чоң сыналгы болот: «Мен күнүгө 1 сааттан ашык сыналгы көрбөйм» Бай адамдар  — 67% Кедей адамдар — 23% С...

Максатты туура тандаңыз

Изображение
Азгана адамдар артына жаркын из калтыра алышат. Сиздин милдетиңиз – жалпы массадан жулунуп чыгуу жана өз муунуңуздун эң ийгиликтүү адамдарынан болуу. Бардык көрүнүктүү адамдарды ой жүгүртүүнүн өзгөчө стили, активдүү аракеттерге ыктоочулук жана жыйынтыкка карата көшөрө кадалуу башкалардан айырмалап турат. Албетте, алар максатты да туура коё билишет жана жана ага карай умтулганды да билишет. Төмөндө максат коюунун жети кадамын келтиребиз: 1-кадам. Эмнени кааларыңызды так чечиңиз. Турмуштун бардык чөйрөсүндө эң мыкты ийгиликтерге жетишкен 10% адамдарга кошулуңуз. Ошондо сиз эмнени каалабай турганыңызды да так түшүнөсүз, ошондо эмнеге умтулуп, эмнеден качуу керек экенин да так билесиз. 2-кадам. Эмнени кааларыңызды так чечип алар замат, ошону майда-чүйдөсүнө чейин жазып чыгыңыз. Адамдардын 3 гана пайызы, өз максаттарын кагазга түшүрөт. Сиз максаттарыңызды жазып чыксаңыз, ошол 3% адамдардын катарында болосуз. 3-кадам. Өз максатыңызга жетүүнүн мөөнөтүн коюңуз. Сиздин акыл па...

Мээни эс алдыруу үчүн эмне кылуу керек?

Изображение
Эгер адамдын аң сезими, мээси акыл эси бир нерсени жакшы кабыл албай, унутчаак боло баштаса анда мээ чарчады деп билсең болот. Адамдын денеси физикалык жактан оор жумуш жасаса же күч келсе чарчаганын билебиз. Бирок аң-сезими, мээси чарчаганда кандай болоорун көпчүлүк анча аңдай бербейт. Андыктан мээни да эс алдырыш керек экенин эске алыңыз.Эгер адамдын аң сезими, мээси акыл эси бир нерсени жакшы кабыл албай, унутчаак боло баштаса, кебетеси да чарчаңкы тартып эч нерсеге көңүлү чаппай жатса анда дароо адиске кайрылышы абзел. Мээ, акыл эс менен иштөө өзгөчө нерсе, бирок анын чарчаганы ар кимге ар кандай байкалат. Негизи эле мээнин чарчоосу акыл-эсти көбүрөөк талап кылган жумуштан кийин жеткиликтүү эс албагандан пайда болот. Эгер мээни эс алдырбай дайыма иштей берсе ал адамдын ой жүгүртүүсү начарлайт, депрессия жана өнөкөт оорулар пайда боло баштайт. Адам чарчаганда мээни эс алдырып, сергек болуу үчүн кофе ичишет. Бирок тилекке каршы кофени канчалык көп ичсе, адамдын нерв система...

Кызарып баткан күн, жылдызга толгон асман

Изображение
Малайзиялык Захариз Хузайма журналист, саякатчы. Захариз Хузайма жер жүзүнүн булуң-бурчун кыдырып, National Geographic үчүн макалаларды жазып жана дүйнөнүн алдыңкы телекомпаниялары үчүн даректүү тасмаларды тартат. Саякатчынын Кыргызстанга болгон саякатынан эң мыкты кадрларды сиздерге сунуштайбыз.