Жаратылыш

Ак карлуу тоонун кожоюну-илбирс


Илбирс (латынча Panthera uncia, башка классификацияда — латынча Uncia uncia) — мышыктар тукумундагы, аскалуу бийик тоолордо жашоочу жырткыч айбан, Кыргызстанда да кезигет. Илбирстин систематикалык орду аягына чейин аныктала элек. Бир эле учурда, илбирс чоң мышыктар (Panthera) жана кичине мышыктар (Felinae) урууларынын морфологиялык жана этологиялык көрсөткүчтөрүнүн комбинацияларына ээ. Тыш келбетинин окшоштугунан улам илбирс узак убакыт кабыландын тууганы деп эсептелген. Бирок акыркы молекулярдык изилдөөлөр илбирстин жолборско жакын тууган экендигин аныктаган. Дүйнөдө бир нече миң гана баш ак илбирс калганы айтылат. Бул сейрек жаныбар туурасында кызыктуу фактылар:


Ак илбирс кызыл китепке кирген жырткыч. Алардын саны дүйнө жүзү боюнча жети миңге чамалайт деп айтылат. Кыргызстанда 200-300гө жакын бар дешет окумуштуулар.

Ак илбирстер байырлаган аска-зоолор алты миң метрге чейинки бийиктикти түзөт. Бул Эферест чокусуна дээрлик үч миң метр гана жетпейт

Ак илбирстер өтө ыкчам секирик жасай алганы менен айырмаланат. Алар дээрлик он беш метр жерден секирип жандыктарды кармай алат. Негизинен аркар, теке жешет.

Бул жырткычтын биологиясы толук изилденип бүтө элек. Анткени алар өтө бийиктикти байырлагандыктан аларды изилдөө кыйын. Окумуштуулар али күнгө талашып келишет, ак илбирстер кичи мышыктар классына киреби же ири мышыктарга киреби?

Ак илбирс жылына эки жолу тукумдайт, көбүнчө экиден, ашып кетсе бешке чейин күчүк тууйт. бала көтөрүү узактыгы 90-100 күнгө барабар.

Ак илбирстер табиятта 13 жылга чейин жашайт. Бакма шартта ургаачысы 28 жыл жашаган учур катталган.

Ак илбирсти анын добушу аркылуу аныктоо мүмкүн эмес. Анткени көмөкөйү табиятынан ушундай жаралган, эч кандай шыбыш, үн, добуш ал тургай дем чыгарбай да коё алат.

Альпинисттерде бейрасмий “ак илбирс” деген титул бар. Эң жогорку бийиктиктерди багындыргандарга ич ара ушинтип атап коюшат.

21-августта Бишкек шаарындагы жаштар аллеясында ак илбирстин монументи орнотулду. Монументти саны жарым миңге араң чукулдап бара жаткан илбирсти коомчулук унутпай кам көрсүн деген маанайда Бишкек шаарынын борбордук бөлүгүнө орнотушту Монумент жалаң темир бурамалардан жасалды.
Эске сала кетсек 23-25-августта Бишкекте ак илбирсти жана анын экосистемасын коргоого арналган эл аралык форум өтөт.

Комментарии

Популярные сообщения из этого блога

Египет пирамидалары

Ийгиликке жеткен адамдар жасаган 9 адат

Кызарып баткан күн, жылдызга толгон асман